Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

Ирактан чет элдик аскерлер жылдын аягынан тартып кете баштайт


БАГДАД. Ирактын убактылуу президенти Гази аль-Явар Кошмо Штаттары баштаган коалициянын аскерлери жылдын аягынан тартып өлкөдөн чагырала баштайт деп билдирди:

– Эгерде Ирактын коопсуздук күчтөрүн жана армиясын окутуп, калыбына келтирүү иштери пландалгандай мөөнөттө жүрсө менин оюмча, биз жылдын аягынан тартып чет элдик аскерлердин санын азайта баштайбыз. Анын үстүнө алар Иракта биротоло калгысы да келбейт. Биз дагы ал күчтөрдүн Иракта биротоло калышын каалаган жокпуз.

Гази аль-Явардын маалыматы боюнча азыр Иракта чет элдик 170 миңдей аскерлер бар.

Анын аралыгында Иракта 30-январда өткөн шайлоонун добуштары саналып жатат, алгачкы жыйынтыктар бир аптанын ары-бери жагында чыгып калышы ыктымал. Бул шайлоодо шийилер жеңип чыгаары болжолдонуп жатат.

Шийилердин саясий лидерлери суннилерди жаңы Конституцияны иштеп чыгууга тартып, аларды өкмөттүн курамына кошуш керек, ансыз өлкөдө тынчтык болбойт деген ойлорун айта башташты. Атап айтканда Ирактын убактылуу президенти Гази аль-Явар бүгүнкү пресс-конференцияда суннилерди Ирактын жаңы бийлигин түзүү иштеринен четте калбоого чакырды:

- Суннилердин ислам партиясынын өкүлдөрү өлкөдө “чет элдик аскерлер турганда же алардын качан кетээри белгисиз болуп аткан шартта өткөн шайлоо кайдан калыс болсун” дешти. Мен аларга “убактылуу өкмөт коопсуздукту камсыз кылыш үчүн чет элдик аскерлерди тура тургула” деп суранган деп түшүндүрдүм.

Убактылуу өкмөттун башчысы Аяд Аллави дагы жаңы өкмөттү түзүүдө бардык кызыкчылыктар эске алынаарын айтты:

– Бир-эки аптадан кийин жаңы улуттук ассамблеянын курамы белгилүү болот. Андан кийин ар түрдүү катмардын өкүлдөрү кирген коалициялык өкмөт түзүлөт. Азыркы убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү менен катар эле мен дагы бул процесстин ийгиликтүү аякташына салымымды кошом. Ал мезгилде бийлик жумшак, бирок чечкиндүү кадамдарды жасайт.

XS
SM
MD
LG