Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!


БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосу боюнча 2-февралда Жалалабад, Ош, Нарын облустарынын тоолуу аймактарында, Бишкек-Ош автожолунун 121-138 жана 198-265 чакырым аралыктарында ошондой эле Миңкуш, Арал, Суусамыр өрөөндөрүндө көчкү жүрүшү күтүлүүдө.

2-февралда Ош, Жалалабад, Баткен облустарынын көпчүлүк жерлеринде кар жаайт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ, ТАЛАС өрөөндөрүндө түнкүсүн -11...-16, күндүз -3...-8 градус суук.
ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН, ОШ чөлкөмдөрүндө түнкүсүн -2...-7 градус суук, күндүз -4 градус сууктан +1 градуска жылуу.
КӨЛ кылаасында түнкүсүн -4...-9 градус суук, күндүз -3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу болот.
НАРЫНДА түнкүсүн -14...-19, күндүз -7...-12 градус суук.
БИШКЕК шаарында ала булут каптап, кыламык кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -11...-13 градуска ал эми күндүз -4...-6 градус суук болот.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Чолпон Орозобекова

XS
SM
MD
LG