Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:12

«Справедливость» уюмуна байланыштуу сот иши кийинкиге калды


ЖАЛАЛАБАД. Жалалабад шаардык соту укук коргоо уюмун сотко берген Ош шаарынын жашоочусунун арызын териштирди. 2003-жылы эл аралык уюмдун Аксы районундагы бөлүмүндө иштеген арыз ээси уюмдун «Право для всех» аттуу басылмасында 2003-жылы жарыяланган «Эл аралык фальсификатор» аттуу макаладан улам иштен айдалып, жумушсуз калып, ден соолугу начарлагандыгын билдирип, көрсөтмө берди. Макалада айтылгандарды жокко чыгарууну жана макала автору менен маалымат берген аялдан 191 миң 550 сом өндүрүп берүүнү талап кылды. Сот айрым жагдайларды иликтөө үчүн ишти кароону 17-февралга белгиледи.

XS
SM
MD
LG