НАРЫН. Губернатор Шамшыбек Медетбеков бул тууралуу 1-февралдагы маалымат жыйынында билдирди. Андан сырткары губернатор облустун журналисттеринин коомдук транспортто бекер жүрүүсүнө, облустун деңгээлинде ар кандай сыйлыктарды уюштурууга, республикалык сыйлыктарга көрсөтүүгө, облустук телерадиокомпанияга имарат таап берүүнү убада кылды. Медетбеков мырза элетке маалымат жетпей жатканына байланыштуу пресс-борбор ачуу зарылдыгын билдирди. Ал эми шайлоо учурунда журналисттерден мыйзам чегинде бейтарап иштөөнү талап кылды.