БИШКЕК. Бул күндөрү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин миграция департаменти менен консулдук башкармасынын жумушчу тобу Орусияда иштеп жүргөн кыргыз атуулдарынын 1994-жылкы паспортторуна чет өлкөгө чыгуу укугун берген баракчаларды ачып жүрүшөт. Мындай маалымат 1-февралда Консулдук башкармалыктан алынды. Маалыматка караганда, учурда Орусия менен визасыз жол каттамы сакталып турат. Бирок Орусиянын өкмөтү кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн өлкөгө кирүүсүнө бөгөт коюу үчүн кирүү тартибин катуулатты. Кыргыз өкмөтү Орусияда иштеп жүргөн кыргыз жарандары башка өлкөнүн тартип коргоо органдарынын негизсиз ыдыгына кабылбашы үчүн чет өлкөгө чыгуу баракчасын ошол жерде ачып берүү чечимине келген. Расмий каттоого алынган кыргыз жарандарынын саны 30 миңдин тегерегинде. Бирок Орусияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 300 миңден 500 миңге чейин деген бейрасмий маалыматтар бар.