Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Экс-элчилер Конституциялык сотко арызданышууда


БИШКЕК. Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Роза Отунбаева шайлануу укугун коргоо үчүн Конституциялык сотко арыз жолдоду. Мындай маалымат 1-февралда Отунбаеванын юристи Нурлан Садыковдон алынды. Анын билдирүүсү боюнча, Роза Отунбаева Конституциялык Сотко мындан тышкары Шайлоо Кодексинин 18-беренесинин 7-пунктунун конституцияга дал келээр-келбесин териштирүү өтүнүчүн жолдогон жатат. Адвокаттын айтымында, Шайлоо Кодексинин 18-беренесинин 7-пункту демократиялык чечим кабыл алууга жол бербейт. Андыктан №1 Университет округдук шайлоо комиссиясы Р.Отунбаеваны талапкерлиги боюнча 6-январдагы биринчи чечимин жокко чыгарууга негиз болгон. Ал эми депутаттыкка талапкер боло албай калган дагы бир экс-элчи Мамбетжунус Абылов конституциялык укугун коргоо арызын Конституциялык Сотко 2-февралда берген жатат. Жогорку Сот анын Каракөл шаардык соттун чечимин жокко чыгаруу арызын 31-январда канааттандырган эмес. Ал эми экс-элчи Медеткан Шеримкуловдун ушундай эле мазмундагы арызын Конституциялык Сот качан караары азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG