Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:01

Аксакалдар сотунун статусу жогорулайт


БИШКЕК. Чет өлкөлөрдүн тажрыйбаларын экспорттогусу келген оппозициянын өлкөдөгү саясий, социалдык стабилдүүлүктү бузууга болгон аракеттерине каршы туруу менен коопсуздукту сактоо - Аксакалдар сотунун колунда. Мындай пикирин 2-февралда президент Аскар Акаев өлкөдөгү Аксакалдар сотунун төрагаларынын республикалык үчүнчү кеңешмесинде билдирди. Кеңешменин соңунда кайрылуу кабыл алынып, анда өлкөдөгү саясий, социалдык туруктулуукту, коопсуздукту сактоо маселелерине башкы көңүл буруу айтылган. Жыйындын чечими боюнча Аксакалдар сотунун статусун жогорулатуу максатында республикалык кеңеш түзүлмөк болду. Анын биринчи курултайы ушул жылдын май-июнь айларында өткөрүлөт деп болжолдонууда. Кыргызстанда Аксакалдар соту институту 1995-жылы түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG