Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Зыяратчылардын алгачкы тобу Меккеден келди


ОШ. Ажы башчыларынын айтымында, зыяратчыларды алып келген ушул эле учак Бириккен Араб Эмираттарында күтүп турушкан оштук зыяратчыларды алып келүү үчүн дагы үч жолу Ош-Дубай каттамдарын аткармакчы. Ал эми Ош шаарынын казысы Рахматтулла ажы Касымов автоунаалар менен сапарга чыккан зыяратчылар февраль айынын экинчи жарымынын башында Ошто болуп каларын билдирди. Кыргызстан мусулмандарынын түштүк аймактык бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, быйыл Меккеде жана Мединада Ош, Баткен, Жалалабад облустарынын 3 миңден ашуун тургундары ажы сапарында болушту. Бул сан өткөн жылга караганда эки эсе көп. Ажы сапарын уюштуруучулардын билдиргенине караганда, зыярат кылуу учурунда Кыргызстандык мусулмандардын арасында жабыр тарткандар болгон жок. Быйылкы ажы сапарынын жол чыгымы автоунаа менен 800, ал эми учак менен баргандар үчүн 1200 АКШ долларын түздү.

XS
SM
MD
LG