БИШКЕК. Бишкек-Ош жолу 2-февралда унаа каттамы үчүн ачылды. Бул тууралуу өлкөнүн Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты. Жол каттамы кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү иштерин жүргүзүү максаты менен 30-январда токтотулган. Андан бери Бишкек-Ош жолунун 132, 136, 198, 205 чакырымдарында жалпысынан 43 миң кубметр көлөмүндөгү кар көчкү түшүрүлдү. Аталган министрликтин маалыматы боюнча, Бишкек-Ош жолунда жалпысынан 35 жерде кар көчкү болуу коркунучу бар.