Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:53

Шайлоочулардын тизмеси жашыруун болушу керекпи?


БИШКЕК. “Шайлоочулардын тизмеси жабык, жашыруун болушу керек”. Мындай пикирин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев “Атуулдук коом жана шайлоо” деген темадагы жыйында билдирди. Ага саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын, Акыйкатчы инсититутунун өкүлдөрү каршы болушту. Алар шайлоонун ачык, айкын, таза өтүш зарылдыгын белгилешти. Аталган жыйында шайлоо алдындагы үгүт жана шайлоо мыйзамынын сакталышына байланышкан маселелер талкууланды. Конференцияга Борбордук шайлоо комиссиясы, ырасмий бийлик өкүлдөрү жана бейөкмөт уюмдардын жана саясий партиялардын өкүлдөрү катышты.

XS
SM
MD
LG