Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

Cуни мусулмандарынын эң ири уюму Ирактагы шайлоону мыйзамсыз деп билдирди


Ирактын Мусулман динаятчылар ассоциациясы бүгүн атайын билдирүү жасап, бийликке кайсы өкмөт келбесин ал легитимдүү болбойт, себеби жекшемби күнкү шайлоого калктын ири бөлүгү катышкан жок деп ырастады.
Өлкөнүн шайлоо комиссиясы болсо ар кандай коркутуп-үркүтүү, өнөктүктү бойкот жарыялоо чакырыктарына карабай, шайлоочулардын жарымынан көбү добуш беришти деп жарыялаган.
Ушул эле күнү комиссия айрым жерлерде бюллетендер жетпей калгандыгы үчүн добуш бере албай калган шайлоочулардан кечирим сурады. Комиссиянын басма сөз өкүлү Фарид Айар “Ажанс Франс Пресске” берген интервьюсунда проблеманы чечүү жолдору изделип жатат деп билдирди. Бирок бюллетендер тартыш болгон участкаларда шайлоо өткөрүлөбү белгисиз.
Ал эми добуш берүүнүн толук жыйынтыктары бир нече күндүн ичинде чыгарылат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG