Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Акыйкатчы институту шайлоодо байкоочу болгусу келет


БИШКЕК. Кыргызстан Акыйкатчысынын өкүлдөрүнүн шайлоого байкоочу катары катышуусуна мыйзам жол бербейт. Мындай пикирин 2-февралда «Жарандык коом институттары жана шайлоо: Кыргызстан 2005-жылкы парламенттик шайлоодо» аттуу 4-конференцияда БШК төрагасы Сулайман Иманбаев билдирди. Бирок, Акыйкатчы институтунун жетекчилиги мындай бүтүм Конституциянын 40- беренесинин 2- жобосуна каршы келет деп эсептөөдө жана бул маселе боюнча атайын маалымат жыйынын уюштурууну максат кылууда. Ал эми БШКнын маалымат кызматы 3-февралдагы түшүндүрмөсүндө Акыйкатчы институту мыйзамды өз кызыкчылыгына ылайык чечмелеп жатат деп билдирди. Басма сөз кызматынын белгилегенине караганда, «Шайлоо кодексинин» 17-беренеси боюнча шайлоого саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин, талапкерлердин, шайлоочулардын жана шайлоо блогунун өкүлдөрү байкоочу болуу укугуна ээ.

XS
SM
MD
LG