БИШКЕК. 3-февралда Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен каржы министрлиги 3 долбоорго кол койду. Аларды аткаруу үчүн Дүйнөлүк Банк жана жапон өкмөтү жалпысынан 42 миллион 850 миң доллар бөлөт. Анын ичинде «Айылда билим берүү» долбооруна 15 миллион грант берилсе, «Чакан шаарлар потенциалын арттыруу жана инфраструктурасы» үчүн 12 миллион доллар насыя, 3 миллион доллар грант бөлүнөт. «Агробизнес жана маркетинг» деп аталган үчүнчү долбоорлорду каржылоого Дүйнөлүк банк 8 миллион доллардан ашуун насыя, 4 миллион 750 миң доллар өлчөмүндө грант бөлөт. Бул каражаттар Кыргызстанга жакынкы 90 күндүн ичинде берилет.