Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:36

Орусия, Казакстандагы кыргыз мигранттарынын жарымы Ош облусунун тургундары


ОШ. Бул жөнүндө «АКИпресс-Фергана» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында миграция кызматынынын түштүк аймактык башкармалыгынын башчысы Салима Исмаилова билдирди. Ал жакында жумушчу иш сапары менен Орусиянын жана Казакстандын бир катар шаарларында болуп, ал жактагы кыргыз мигранттарынын арасында иликтөө жүргүзүп кайткан. Салима Исмаилованын айтымында, кыргыз мигранттарынын көпчүлүгү ал жакка мыйзамсыз жолдор менен барышкан. Ошондуктан, алардын укуктары көпчүлүк учурларда тебеленип келет. Салима Исмаилова жумуш издеп барышкан кыргыз мигранттарынын укугу бузулган бир катар мисалдарды келтирди. Алардын ичине жумуш берүүчү тараптардын айлык акыны бербей коюшу, коркутуп-үркүтүүлөр, жергиликтүү тартип коргоо органдары жана кылмыштуу топтор тарабынан болгон басмырлоо кирет. Миграция кызматынын адистери мындай кырдаалды кыргыз мигранттарынын жашаган жеринде убактылуу каттоосунун, жумуш берүүчү тарап менен эмгек келишиминин жоктугу сыяктуу бир катар себептер менен негиздешти.

XS
SM
MD
LG