БИШКЕК. 3-февралда Бишкекте СПИДге каршы күрөш боюнча эки күндүк регионалдык тегерек үстөл талкуусу ишин баштады. Ага Тажикстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын саламаттык сактоо тармагынын, Кыргызстанда иштеп жаткан эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Улуттар Уюмунун тутумундагы Глобалдык фонддун СПИДге каршы күрөш боюнча программасын ишке киргизүүнүн багыттары отурумда башкы маселе катары талкууланууда. Бул долбоор 9 миллион долларга бааланат жана анын негизги максаты – бирдиктүү маалымат борборун түзүү. Тегерек үстөл Улуу Британиянын эл аралык өнүктүрүү министрлигинин демөөрү менен өтүүдө.
Ырасмий маалымат боюнча Кыргызстанда СПИДдин ВИЧ инфекциясы менен жабыркагандардын саны Кыргызстанда 655, Өзбекстанда 5680, ал эми Тажикстанда 317 болду.
Ырасмий маалымат боюнча Кыргызстанда СПИДдин ВИЧ инфекциясы менен жабыркагандардын саны Кыргызстанда 655, Өзбекстанда 5680, ал эми Тажикстанда 317 болду.