Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Президент Буш дүйнөдө демократиянын арымы кеңейээрине ишенет


Жорж Буш президенттик экинчи мөөнөтүндөгү пландары боюнча АКШ Конгрессинде Улутка кайрылуу жасады. Ал Ирактагы, Палестин автономиясындагы, Ооганстанда жана Украинада болгон шайлоолорду демократиянын шарданасы катары баалады:

-Ооганстанда аялдардын добуш бергени, палестиналыктардын жаңы багытты тандап алганы жана Украина элинин президентти шайлоодо демократиялык укугун коргоп калганы биздин доордун маанилүү учуру болду. Биз тарыхтын бурулуш окуяларынын күбөсү болдук жана келаткан жылдары мындай ийгиликти дагы көбөйтөбүз.

Жорж Буш Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянын алга жылдырууга аракет кылаарын, Түндүк Корея менен Ирандын ядролук программалырына байланыштуу чатакты дипломаттык жол менен жөндөөгө тырышаарын айтты.

XS
SM
MD
LG