Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

БОРБОР АЗИЯ ЭЛДЕРИНИН МУЗЫКАЛЫК МУРАСТАРЫ БАТЫШТА КЫЗЫГУУ ЖАРАТАТ


Лондондогу Чыгыш жана Африка таануу институтунда Борбор Азия элдеринин музыкасы менен маданияты жөнүндө сабак бериле баштады. Этномузыка бөлүмүнүн студенттери байыркы доордон калган музыкалык мурастар менен таанышып, советтик мезгилдин, батыштын рок жана поп музыкасынын региондун маданиятына тийгизген таасири жөнүндө кеңири маалымат ала алышат. Кабарчыбыз Рон Синовиц өзбекстандык мугалим Разия Султанова менен ал окуткан дарстар жөнүндө маектешкен.

Батышта Борбор Азия элдеринин музыкалык маданияты окутулган университеттер дээрлик жок. Андыктан Разия Султанованын курстары батыштын жогорку окуу жайлары үчүн чоң жаңылык десек туура болот.

Ферганалык музыкант жакын арада ушундай сабактар башка жерлерде да окутулат, анткени региондун маданиятына болгон кызыгуу барган сайын артууда деп санайт:

- Азырынча биздин курс гана бүтүндөй аймакты камтыйт. Бирок, менимче, ушул өңдүү программалар келечекте улам көбөйө берет. Англияда гана эмес, башка жерлерде да, балким Америка же Францияда. Батышта Борбор Азиянын музыкасын изилдегендер көп жолуга баштады. Алар тема боюнча ар түрдүү макала, китеп жазып, компакт-диск чыгарып жатышат.

Анын пикиринде, коммунисттик мезгилде мурдагы советтик жумурияттардын үрп-адаттарын, маданиятын, анын ичинде музыкасын изилдөөгө Батыш адистерине уруксат берилчү эмес.

Бирок элдик музыкага коюлган чектөөлөргө карабай, эл ата-бабаларынан калган руханий мурастарын жүрөгүндө сактап келген.

Региондогу азыркы жаш аткаруучулар болсо поп-ырларына өздөрүнүн салттуу музыкасынын элементтерин кошуп, кайталангыс чыгармаларды жаратышууда.

- Сиздер казактарды поп музыка жөнүндө сурасаңар, алар дароо “Роксонаки” же “Улутау” деген жергиликтүү популярдуу топторду мисалга келтиришет. Тажик жаштары болсо “Давлатман”, “Шамс” же башка ансамблдерди аташат.

Өзбекстандык поп-жылдыз Юлдуз Усманова салттуу өзбек музыкасын түрк жана перси обондору, батыштын рок чыгармалары менен чабыштырып, оригиналдуу ырларды аткарып келатат.

- Юлдуз Усманова өзбек поп-музыкасынын канышасы десек болчудай. Жаңы өсүп келаткан жылдызыбыз - Севара Назархан, кыргыздардын “Камбаркан” тобу же түркмөн ырчысы Айжемал Илиясова да элдик ырларды поп-музыка менен айкалыштырып аткарышат. Бул жерде Муножат Юлчиева аттуу ырчыны жана көптөгөн башка аткаруучуларды да атай кетүү абзель. Алар салттуу классикалык музыка менен иштешет. Бирок ошол фолклордук музыканы бүгүнкү күндүн талаптарына ылайыкташтырууну жакшы билишет. Борбор Азияда поп-музыка абдан бай. Топтордун көбү айыл-кыштактардан, алыскы облустурдан чыккан талантуу жаштардан куралган. Жаштар элдик маданий салттарды, өз тамырларын, рухун сактап калууга дилгир, - деп жыйынтыктайт Лондон университетинин окутуучусу Разия Султанова.
XS
SM
MD
LG