Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:42

Европада нацисттик, ага кошо коммунисттик энбелгилерге тыюу салуу сунуш кылынды


Европарламенттеги депутаттык айрым топтор, өзгөчө Венгрия, Литва, Словакия, Чехия жана Эстония өкүлдөрү расизмге каршы күрөшүү долбооруна ушундай кошумча киргизүү демилгесин көтөрүштү. Алардын айтымында, орок жана балка өңдүү энбелгилер миңдеген адамдарды кыйнап, алардын өмүрүнө забын болгон коммунисттик режимдерди эске салат. Бирок Европа комиссиясынын өкүлдөрү парламентке сунуш кылынган мыйзам долбоорунда биринчи кезекте антисемитизмге каршы күрөштүн чаралары каралганын айтып, советтик айрым энбелгилерди азыр деле компартиялар легалдуу түрдө колдонуп жатканын белгилешти.

XS
SM
MD
LG