Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Бириккен улуттар уюмунун көз карандысыз комиссиясы отчетун жарыя кылды


Атап айтканда, комиссия ООНдун Ирактагы мунайга азык-түлүк айырбаштоо программасынын мурдагы жетекчиси Бэнон Сиван кызмат абалынан ашепке пайдаланып, экспортко бөлүнгөн кара май квотасын будамайлап турган деп бүтүм жасады. Мындан квота бөлгөн Ирак өкмөтүндөгүлөр өзүнө таасирдүү колдоочуларды таап жатабыз деп ойлошкон, натыйжада Сиван мырза өзүн өтө чуулгандуу абалга коюп, муну менен ООНдун биримдигине залал келтирген, деп айтты комиссиянын жетекчиси Пол Волкер. Сиван өзү болсо эч кандай кыңыр-кыйшыны жоктугун айтууда. Комиссияга ООНдун Ирактагы гуманитардык программасына байланышкан коррупция фактыларын териштирип чыгуу табышталган эле.

XS
SM
MD
LG