Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:36

Египеттеги саммит алдындагы жөөт-палестин сүйлөшүүлөрү туюкка кептелди


Израил тарабы түрмөдөн палестиналык 900 айыпкерди бошотуп, Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги бир катар калкконуштарды палестин бийликтеринин амирине өткөрүп берүүнү сунуш кылды. Ошол эле учурда жөөттөргө кол салганы үчүн камалган палестиналыктарды камактан чыгаруудан баш тартты. Мындай шартка палестин өкүлдөрү макул болбой, тараптар таркап кетишти. Ошол эле күнү палестиналык жоокесептер жөөт аскерлерине кол салышты. Израил солдаттары бараткан автомашинага колбомба ыргытышып, эки жоокерди жарадар кылышты. Жөөт солдаттары жооп ок атып, кол салгандардын бири өлдү.

XS
SM
MD
LG