БИШКЕК. Жалалалабад облусунун Чаткал районундагы Чапчыма ашуусунда калган 10 ашуун жүргүнчү түшкөн автобусту издөө иштери улантылууда.
1-февралда Алабукадан чыккан автобус Канышкыяга жеткен эмес. Ал эми Алабука-Чаткал жол каттамында калың жааган карда калышкан “Нива”, “УАЗ” үлгүсүндөгү автоунаалардын 12 жүргүнчүсү Терексай айылына жөө барышкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобу менен облустагы чукул кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлери “Нива” автоунаасындагы эки адамды куткарышып, 70-чакырымдан көчкү алдында калган 24 жаштагы Нурбек Кубанычбековдун сөөгүн табышкан. Бул тууралуу Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ал эми Ош облусунун Ош-Алай-Чоңалай, Жалалабад облусундагы Казарман-Карагөө-Нарын, Алабука-Канышкыя, Нарын облусунда Миңкуш-Арал-Суусамыр, Ысыккөл облусунун Каракол-Эңилчек, Барскоон-Үчкошкон жол каттамдары өкмөт башчы Николай Танаевдин бейшембидеги буйругуна ылайык убактылуу жабылды.