Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

Эки күндө төрт талапкер жарыштан чыкты


БИШКЕК. 4-февралга карата Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкерлердин саны 421 болду. Акыркы эки күндө төрт талапкер жарыштан чыкты. Алардын арасында президенттик администрация башчысынын уулу Нурдин Касымов, Жалалабад облусунун мурдагы губернатору Султан Урманаев жана №33 Нарын шайлоо округундагы талапкер Нарынбек Тулеев бар. Ушуну менен каттоодон өткөн 427 талапкердин тогузу, ал эми талапкерликке көрсөтүлгөн 472 атуулдун 36сы талапкерликтен өз эрки менен баш тартышты. Он талапкер ар кандай себептер менен каттоого алынган жок. Ал эми шайлоо алдындагы үгүт иштерине Кыргызстандагы 31 электрондук каражат жана 50 гезит катыша алат. Мындай маалымат 4-февралда Борбордук Шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан алынды.

XS
SM
MD
LG