Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:15

№1 Убактылуу камакка алуу жайында ачкачылык жарыяланды


БИШКЕК. Бишкектеги №1 Убактылуу камакка алуу жайында камакта отургандар ачкачылык жарыялашкан. Аталган жайда түшүндүрүү иштери жүгүзүлүп, камактагылар ачкачылыкты токтотушту. Учурда кырдаал турукташып, көзөмөлдө турат. Бул тууралуу Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сергей Сидоров билдирди. Анын айтымында, жыл башында Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын кызматкерлери, атайын прокуратура кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен №50 Убактылуу камакка алуу жайында жана Вознесеновка айылындагы балдар колониясында текшерүү жүргүзүп, тыйуу салынган буюм-теримдерди алышкан. Ушундан улам башкармалыктын мындай аракетине нааразылык билдирүү катары №1Убактылуу камакка алуу жайында кармалып тургандар ачкачылык жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG