Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Ооганстанда кыйраган учакта кыргызстандыктар бар жогу белгисиз


БИШКЕК. 3-февралда Ооганстандын Герат шаарынан Кабулга учуп келатып кыйраган Боинг-737 самолету 4-февралда Кабул шаарынын жанынан табылды. Анын 104 адамдан турган экипажы менен жүргүнчүлөрүнүн баары набыт кеткен. 4-февралда бир катар эл аралык маалымат каражаттары кыйраган учакта КМШнын, анын ичинде Кыргызстандын жарандары бар болуш керек деген маалыматты таратышты. Кыргызстандын граждандык авиация департаментинен ушул күнү алынган кабарга караганда, маалыматтын чын-төгүнүн иликтөө үчүн департаменттин үч адистен турган комиссиясы Ооганстанга учуп кетти. Айрым маалымат каражаттары кыйроого учураган Боинг-737 маркасындагы самолет Ооганстандагы “Кам-айр” деген жеке компанияга таандык деп билдиришүүдө. Бирок, айрым маалымат каражаттары жазганга караганда, Ооганстандын транспорт министри Энауталлах Хашеми Кыргызстанда каттоого алынган учак экенин кабарлаган. Кыргызстандын граждандык авиация департаментинин атын атагысы келбеген өкүлү бул маалыматты ырастады, бирок, анын качан алынып келинерин, кимге таандык экендигин айтуудан баш тартты. Ошондой эле учактын ичиндеги кыргызстандыктар жөнүндө маалымат комиссия Ооганстандан кайткандан кийин жарыяланаарын айтты. “АКИ-пресс” агенттиги билдиргенге караганда, «Кам-айр» компаниясынын башчысынын орун басары Мохаммад Феддаи сегиз кишиден турган экипаждын алты мүчөсү Кыргызстандын атуулдары деп билдирген.

XS
SM
MD
LG