Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:52

Иракта добуштардын 10 пайызы гана саналып бүттү


Иракта 30-январда өткөрүлгөн парламенттик шайлоо боюнча добуштардын 10 пайызы гана азырынча саналып чыкты жана аятолла Али ал-Систани жетектеген шийилер тобу азырынча алдыда. Премьер-министр Айяд Аллавинин партиясы экинчи орунда. Багдаддын түштүгүндөгү Бабил провинциясында бүгүн куралдуу кагылышуу чыгып, бир америкалык аскер, Мосул шаарында бомба жарылгандан дагы бир америкалык солдат курман болду. Багдад шаарында бүгүн бир италиялык журналист аял барымтага алынып кетти.Кечээ күнү Багдаддын алдында элүүгө жакын полициячы буктурмага кабылып, экөө окко учуп, дагы он төртү жараат алды.

XS
SM
MD
LG