Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:12

Кондолиза Райс Лондонго келди


АКШнын жаңы дайындалган мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Лондонго келип, Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэр жана тышкы иштер министри Жэк Стро менен жолугуп, Ирак, Иран, Жакынкы Чыгыш жана башка эл аралык маселелерди талкуулады. Райстын айтымында, Британиядан артык АКШнын шериги жок. Жолугушуулардан кийин Райс журналисттерге - Вашингтонду азыр Иран өтө тынчсыздандырып жатканы тууралуу айтты:

- Ирандын өзөктүк куралга ээ болуу мүмкүнчүлүгү абалды абдан бейстабилдештирип жатат. Анын кошуна мамлекеттерине дагы, эл аралык коопсуздукка дагы коркунуч түзүлүүдө. Дүйнөлүк коомчулуктун пикиринде, Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол берилбеш керек".

Бүгүн Кечинде Райс айым Берлинге келип, Алманиянын канцлери Герхард Шрөдер менен жолугууга тийиш, андан соң Польша, Түркия, Израил, Палестина, Италия, Франция, Бельгия жана Люксембургга барат.

XS
SM
MD
LG