Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:26

Ирактын ООНдогу өкүлү мунай коррупциясын кеңири иликтөөгө чакырды


ООНдун көз карандысыз комиссиясы мунайга азык-түлүк айырбаштоо программасынын ишиндеги бир катар былыктарды тапты. Бирок Самир Сумайде буга кошумча Саддам Хусейндин режими менен учурунда активдүү кызматташкандарды аныктап чыгуу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында,Саддам коңшулаш өлкөлөрдө коомдук пикир түзгөндөргө,гезит редакторлоруна, министрлерге миллиондогон баррел мунай тартуулаган. Мындан тышкары коалиция түзгөн убактылуу администрация мунай сатыктан түшкөн кирешени кандай карыштаганын да текшерип чыгуу керек. Кофи Аннан ООН үчүн коррупция жөнүндөгү кенедей ишаара да чоң осолдук болорун жана отчетто айтылган фактыларга олуттуу маани берилерин бышыктады.

XS
SM
MD
LG