Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:01

6-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Синоптиктердин кабарлоосу боюнча 6-февралда Кыргызстанда ала булут каптап турат, айрым аймактарга кар жаап, жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

ЧҮЙ жана ТАЛАС өрөөндөрүндө түнкүсүн –10...-15, күндүз –1...-6 градус суук.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД облустарында түнкүсүн –4...-9 градус суук, күндүз –2 градус сууктан +3 градуска жылуу.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн –4...-9 градус суук, ал эми күндүз –3 градус сууктан +2 градуска жылуу болот.
НАРЫНда түнкүсүн –10...-15, күндүз –3...-8 градус суук.
Тоолуу аймактарда түнкүсүн –25...-30, күндүз –10...-15 градус суук болушу күтүлөт.
БИШКЕК шаарында ала булут каптап турат, кыламык кар жаап, туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн –9...-11, күндүз –3...-5 градус суук.

Кабарларды Азиза Турдуева, Айданбек Акмат уулу жана дубандардагы кабарчылар даярдашты
Редактор Чолпон Орозобекова

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG