Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Чапчыма ашуусунда жоголгон автобус табылды


БИШКЕК. 2-февралда Алабука-Канышкыя жолундагы Чапчыма ашуусунда жоголду деген автобус, УАЗ автомашинасы жүргүнчүлөрү менен аман-эсен табылды. Бул тууралуу Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан 5-февралда маалымдашты.

Чапчыма ашуусундагы 37 кишинин тагдыры эки күн бою дайынсыз болуп турду. Алардын бир тобу жакынкы айылдарга өздөрү барса, дагы бир тобу сарайларда ушул күнгө чейин жан сактап турган. Министрликтин басма сөз катчысы Эмил Акматов билдиргенге караганда, курсактары ачканы гана болбосо, баары аман-эсен.

XS
SM
MD
LG