Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:55

Экс- губернаторлор кайым айтышты


НАРЫН. Экс- губернаторлор Накен Касиев жана Аскар Салымбековдун 5-февралдагы Нарын шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусу кайым айтышууга айланды. Накен Касиев БУУнун Өнүктүрүү программасынын билдирүүлөрүнө таянып, Нарын облусунун калкынын 5 пайызы бай, 67,8 пайызы жакыр жашап жаткандыгын белгилеп, регионалдык саясат жакшы жүргүзүлүүгө тийиш деген пикирин айткан, Аскар Салымбеков Нарын облусунда сегиз ай кыш болот, жакшы түшүм алууга шарт жоктугуна карабай, «Намыс» программасы ишке ашырылып жаткандыгын, Оштун Алайкуу, Алай райондорунда деле жашоо өтө начар экендигин айтты. Ушул округдагы үчүнчү талапкер Сүйөркул Усубалиев айыл чарбасына өзгөчө көңүл бурарын, колхоз, совхоздор тарагандан бери айыл- чарбасы каралбай калгандыгын баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG