БИШКЕК. 5-февралда Шопоков жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде 350дөн ашуун адамдын катышуусу менен «Эркин жана акыйкат шайлоолор үчүн» деген атуулдук митинг өттү. Митингди мурда белгиленген «Жеңиш» аянтында өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Эртең менен Чекара кызматынын 100гө жакын жоокерлери аянтка алынып келинди. Ал эми 200гө жакын милиция кызматкерлери «Жеңиш» аянтын жана митинг өткөн жерди курчап турушту. Митинг «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар Коалициясы, «Атажурт» жана Кыргызстан Элдик кыймылдары, «Улут Ордо» жана башка коомдук бирикмелер менен уюмдар кирген «Эркин жана акыйкат шайлоо үчүн» атуулдук тилектештиктин демилгеси менен, «Демократия жана атуулдук коом үчүн» Коалициясы тарабынан уюштурулду. Коалициянын жетекчиси Эдил Байсаловдун пикиринде, бул митинг мыйзамга ылайык өткөрүлүп жатат:
- Урматтуу жолдоштор! Биздин митинг мыйзам чегинде өтүп жатат! Бул жерге келген бир да адам коомдук тартипти, мыйзамды бузган жок! Мыйзам тетирисинче тартип коргоо органдары тарабынан бузулууда!
Митингде сөз сүйлөгөн Кыргызстан Элдик кыймылынын жетекчилеринин бири Ишенгүл Болжурова мындай деди:
- Өз кезинде, кыргыз мамлекеттүүлүгү түптөлүп жаткан мезгилде белгилүү тарыхчы Осмонаалы Сыдык айткан экен: "Оо жарандар! Азыр силердин жалдырап жатканыңар уят! Ойгонгула!"- деп. Азыр да ошондой учур келди. Эгерде биз ойгонбосок, парламентке элди, мекенди эмес, өздөрүнүн чөнтөктөрүн гана ойлогон адамдар келсе, анда кыргыз элинин, өлкөнүн келечегинин шору!
Митингдин соңунда резолюция кабыл алынды. Анда атуулдардын конституциялык укуктары сакталып, шайлоо адилет, таза өтсүн деген талаптар айтылган.