КРАСНОДАР. Орусиянын Краснодар чөлкөмүндө катуу шамалдын айынан 15 миңдей киши электрэнергиясыз калышты. Ишенбиге караган түнү Новороссийск, Анапа жана Геленжик шаарларынын чөлкөмүндө шамалдын ылдамдыгы секундуна 35 метрге жетип, бак-дарактарды талкалап, электр зымдарын үзүп кетти. Метеорологдордун маалыматына караганда, жекшембиге караган түнү шамалдын ылдамдыгы секундуна 37 метрге жетип, абанын темературасы -10 градустун дэңгээлине төмөндөшү мүмкүн.
Баян Жумакадыр кызы, Прага
Баян Жумакадыр кызы, Прага