Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

Коомдук жайларда өбүшкөндөр 10 жылга эркинен ажыратылат


ЖАКАРТА. Мыйзамдар кодексинин реформасын өткөрүп жаткан Индонезияда коомдук жайларда өбүшүү кылмыш болуп калышы ыктымал. Өкмөт тарабынан парламенттин кароосуна койулган мыйзам долборуна ылайык, эгерде нике кыйылбаган эркек менен аял коомдук жайда кучакташып, өбүшсө, алар 10 жылга чейин эркинен ажырытылып, 33 миң доллар өлчөмүндөгү айыпка тартылуусу ыктымал. Оппоненттер мыйзам жарандардын ички турмушуна ого эле кийлигишип жатат деп эсептешет. Ошондой эле алар жаңы мыйзам кодекси жарандардын өз ойун эркин билдирүү укугун бузуп жатканын белгилешет.

XS
SM
MD
LG