Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:23

7-февралга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин шашылыш билдирүүсүнө караганда, 7-8-февраль күндөрү Кыргызстандын тоолуу аймактарында көчкү жүрүшү күтүлүүдө.

7-февралда республиканын кээ бир облустарында кар жаап, туман түшөт.

ТАЛАС дубанында абанын температурасы түнкүсүн -15...-20, күндүз
-2...-7 градус суук.
ЧҮЙДӨ түнкүсүн -12...-17, күндүз 0...-5 градуска суук болот.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД облустарында түнкүсүн -6...-11 градус суук, күндүз -4 градус сууктан +1 градуска жылуу.
ЫСЫККӨЛДӨ түнкүсүн -10...-15 градуска чейин суук болсо, күндүз -3 градус сууктан +2 градуска жылуу болушу күтүлөт.
НАРЫН аймагында түнкүсүн -17...-22, күндүз -10...-15 градуска суук.
Тоолордо түнкүсүн -30...-35, күндүз -10...-15 градус суук
Борборубуз БИШКЕКТЕ кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн
–13...-15, күндүз –2ден..-4 градуска чейин суук болот.

Кыргызстандагы күндөлүк кабарларды Аманбек Дилденбай жана облустагы кабарчылар даярдады

Редактор Чолпон Орозобекова

XS
SM
MD
LG