Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Социал-демократтар шайлоого карата чогулду


КАРАКОЛ. Жыйынга Социал-демократиялык партиянын жер-жерлердеги мүчөлөрү катышты. Анда алдыдагы парламенттик шайлоону калыс, адилетүү жана ачык өткөрүү тууралуу ой-пикирлер айтылды. Талапкерлердин укуктары тебеленбеш үчүн Кыргыз республикасынын шайлоо жөнүндөгү кодексинин талаптары так сакталыш зарылдыгы белгиленди. Партиянын облустагы бөлүмүнүн лидери Догдурбай Мусабеков билдиргенге караганда, аталган партиянын атынан Ош, Чүй, Нарын облустарынан депутаттыкка талапкерлер катталды. Анын айтымында, талапкерлерге шайлоо алдындагы үгүт иштери убагында күч структуралары тарабынан бут тосуу жана ар кандай шылтоолор менен кысым көрсөтүү болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG