Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Буш 9- майда Москвага келет


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун ырастоосунда, АКШ президенти Жорж Буш Экинчи Дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 60 жылдыгын белгилөө үчүн 9-майда Москвага барат.
Ушундай комментарийди министр Кошмо Штаттардын мамкатчысы Кондолиза Райс менен Анкарадагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин жасады.
Түркиядагы жолугушуу эки президенттин 24-февралга пандалган саммитине даярдыктардын алкагында өткөрүлдү.
Лавров Вашингтон менен Москва терроризм, мыйзамсыз наркотрафик, массалык кыргын салуучу куралдын жайлышына каршы күрөштө шериктер бойдон кала берүүдө деп билдирди. Бирок тараптар ортосунда “кыйынчылыктар жана айырмачылыктар” жок эмес деп кошумчалады россиялык министр.
Райс болсо Россия демократиянын негизги принциптерине берилгендигин далилдөөгө тийиш деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG