ЖАЛАЛАБАД. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталган үч талапкер №24 Ноокен, №25 Караүңкүр, №29 Барпы шайлоо аймактарынан өз ыктыярлары менен мөөрөй талашуудан чыгышты. Эми бул аймактарда алтыдан талапкер калды. Мурда депутаттыкка көрсөтүлгөн 92 адамдын бешөө документтерин кайра алышып, эки талапкер шайлоо кодексинин 69-беренесине ылайык соттордун чечими менен шайлоодон четтетилген болчу. Облустук шайлоо комиссиясынын 7-февралдагы маалыматы боюнча, округдарда мыйзам бузуулар каттала элек жана эл ичинде айтылып жүргөн шайлоочуларга белек-бечкек жана акча таратуу же той-аш өткөргөн көрүнүштөр аныкталган жок. Шайлоо комиссиясы 8-февралдан тарта участкалык шайлоо комиссиялары үчүн жер-жерлерде окуу семинарларын баштамакчы.