Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Кыргызстан казак газын уруксатсыз пайдаланууда


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү 2004-жылдын апрель айынан бери Өзбекстандан газ түтүгү менен Кыргызстандын аймагы аркылуу Казакстанга ташылып жаткан жаратылыш газын уруксаты жок пайдаланууда. Бул тууралуу 7-февралда Казакстандын Энергетикка жана минералдык ресурстар министри Владимир Школьник билдирди. Анын айтымында, учурда кыргыз өкмөтү Казакстанга жаратылыш газы үчүн 13 миллион 700 миң доллар карыз. 2004-жылдын апрель айынан баштап Өзбекстан Кыргызстанга жаратылыш газ берүүнү токтоткон. Ошондон бери кыргыз бийлиги Казакстанга тиешелүү жаратылыш газын уруксаты жок пайдаланып келет.

XS
SM
MD
LG