Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Шардарада суу ашып кетүү коркунучу бар


БИШКЕК. Кыргызстандын аткаруу бийлиги 13-февралга чейин Токтогул суу сактагычынан аккан суунун өлчөмүн секундуна 600 куб метрге чейин азайтпаса, Казакстандын Шардара суу сактагычына топтолгон суу айылдарды капташы ыктымал. Бул тууралуу учурда Бишкекте иш сапары менен жүргөн Казакстандын Энергетика жана минералдык ресурстар министри Владимир Школьник 7-февралда билдирди. Анын айтымында, учурда Токтогул суу сактагычынан секундуна 700 куб метр суу агызылууда. Аталган маселени талкуулоо максатында 7-февралда Бишкекке Казакстандын Энергетика жана Айыл чараба министрлери баштаган делегация иш сапары менен келди. Бул маселе боюнча 7-февралда Бишкекте кыргыз өкмөт мүчөлөрү жана Казакстандын аткаруу бийлик өкүлдөрү жабык эшик артында жыйын курду.

XS
SM
MD
LG