Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Аскерий чыгымдарын көбөйтүүгө АКШ Конгресси көнөбү?


Президент Буш келерки жылга АКШнын коргоо бюджетин беш процентке көбөйтүүнү же 419 миллиард долларга жеткирүүнү өтүндү.
Бул каражатка Ооганстандагы жана Ирактагы аскерий операция үчүн каралган чыгымдар кирбейт.
Буш Конгресске жиберген бюджеттин чыгаша бөлүгү 2, 5 триллион долларга барабар. Анын түшүндүрүшүнчө, айрым чыгымдарды кыскартуу федералдык карыздарды кыскартууга жардам берет:

-Бюджет башкы багытты аныктайт. Биз үчүн террорчулукту жеңүү, мекенди коргоо, экономиканы кубаттандыруу маанилүү. Бул бюджет натыйжага басым жасайт.

Кошмо Штаттарда бюджеттик жыл 1-октябрда башталат.

XS
SM
MD
LG