Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

«Акмөөр» жатаканасынын тургундары пикетке чыгышты


ОШ. «Акмөөр» аттуу жатаканасынын отузга жакын тургуну колдоруна «Чырмашевде чындык жок, шаар мэри бизди алдады”, “Алдамчылардын бийликте турганга акысы жок. Чиедей балдарыбыз менен эшикте калдык» деп жазылган плакаттарды көтөрүп көчөгө чыгышты. Алар шаар мэри Сатыбалды Чырмашев жатаканага байланышкан чырдуу маселени 6 айдан бери чечпей жаткандыгын билдиришти. Нааразылык акциясынын катышуучусу Зыйнат Жанботоеванын айтымында, алар учурда жашап жаткан «Акмөөр» жатаканасын сатып алган тарап кыш күрөөдө тез арада бошотууну талап кылып жатат. «Акмөөрдүн» жашоочуларынын айтымына караганда, алар текстиль комбинатынын жумушчулары болгондугуна карабастан ишкана жетекчилиги 2002-жылы жатакананы мыйзамсыз түрдө сатып жиберген. Пикетчилер менен жолугушуу учурунда Ош шаарынын вице- мэри Жумагул Исаков аларды жазга чейин эч ким чыгарбай тургандыгын айтып, жатакана жашоочуларын таркоого чакырды. Бирок пикетчилер шаар мэринин өзү менен жолугушмайынча талабынан кайтпай тургандыктарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG