Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:41

Быйыл ителги катуу корголот


БИШКЕК. Баш кеңсеси Германияда жайгашкан «Набу» аттуу эл аралык коомдук бирикме жана Токой кызматынын биотүрдүүлүк менен биоресурстарды пайдалануу боюнча департаменти 2005-жылды ителгини жылдын кушу деп жарыялады. Бул тууралуу 8-февралда «Набу» коомдук бирикмесинин директору Лейф Миллер жарыя кылды. Муну менен Кыргызстанда «Жылдын башкы жаныбары» деген акция башталды. Анын максаты саны азайып бара жаткан жаныбарлар менен куштарды коргоого жалпы коомчулуктун көңүлүн буруп, алардын көбөйүүсү үчүн шарт түзүү. Бул максатты ишке ашыруу үчүн 400 миң мүчөсү жана дүйнөнүн 140 өлкөсүндө бир бир жарым миң өкүлчүлүгү бар «Набу» коомдук бирикмеси Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүн Бишкекте ачып, ырасмий түрдө ишке киришти.

XS
SM
MD
LG