Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:47

Кондолиза Райс Парижге келди


АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс бүгүн Рим шаарынан Парижге келип, ал жерде сүйлөгөндө АКШ менен Европа ортосундагы мамилелерди тереңдетүү багытындагы америкалык саясаттын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтты. Өткөн ишемби күнү Польшага барганда Райс айым АКШнын жаңы тышкы саясатында бүткүл дүйнөгө демократия жайылтуу ишине негизги көңүл бурулат деп билдирген. Кондолиза Райс азыр Европа мамлекеттерин кыдырууда, эки аптадан кийин болсо Европага президент Жорж Буш дагы аттанууга тийиш.

XS
SM
MD
LG