Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:37

Белорус президентинин иш башкармасынын мурдакы жетекчиси 4 жылга кесилди


Белорусиянын Жогорку Соту өлкө президенти А. Лукашенканын мурдакы жардамчысын казынага 3, 2 миллион доллар зыян келтирди деп таап, 4 жылга эркинен ажыратты.
Соттун өкүмүнө жараша, президенттин иш башкармасынын мурдакы башчысы Галина Журавкованын үй-мүлкү өкмөттүн пайдасына тартып алынат.
Прокурордун ырасташынча, Журавкова мунай, газ, кант жана башка товарлар менен соода кылган ишканаларды түзүп, ынктары менен чогуу миллиондогон акчаны ыйгарып алышкан.
Ырасмий маалыматка карганда, сотко катышпаган Журавкованын азыр кайда экени белгисиз.

Таңкы жаңылыктарды Прагадан Амирбек Азам уулу даярдады

XS
SM
MD
LG