Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:05

10-февралдагы аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Бишкектеги гидрометеорологилык борбордон алынган маалыматка караганда, 10-февралда республика боюнча ала булут каптап, Жалалабад, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлерине кар жаайт.

Абанын температурасы:
ТАЛАС дубанында түнкүсүн -8...-13 градус суук, күндүз -1 градус сууктан +4 градуска жылуу.
ЖАЛАЛАБАД, ОШ, БАТКЕН аймактарында түнкүсүн -3...-8 градус суук, күндүз 0...+5 градус жылуу.
КӨЛ кылаасында түнкүсүн –3...-8 градуска,ал эми чыгыш тарабы –5тен...
-10 градуска чейин суук болот. Күндүз –1градус сууктан +4 градуска жылуу.
НАРЫНДА түнкүсүн –18...-23, күндүз –7...-12 градус суук.
Сарыөзөн ЧҮЙДӨ түнкүсүн -7...-12 градус суук,ал эми күндүз +1...+6 градуска жылыйт.
Тоолордо түнкүсүн –23...-28, күндүз –9...-14 градус суук.
БИШКЕКТЕ күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн –8...-10 градус суук, күндүз +3...+5 градус жылуу.

Кабарларды Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана облустагы кабарчылар даярдашты

Редактор Чолпон Орозобекова

XS
SM
MD
LG