Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:04

«Хизб-ут-Тахрир» уюму нааразылык акцияга чыга албайт

БИШКЕК. Кыргызстанда тыйуу салынган «Хизб-ут-тахрир» уюмунун мүчөлөрүнүн кандайдыр бир нааразылык акцияларга чыгууга укугу жок, кокус чыккан күндө жоопко тартылышат. Мындай
пикирин 9-февралда Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Өскөн Осмонов билдирди. Буга чейин өлкөнүн түштүк регионундагы «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун өкүлдөрү 18-февралда Ош шаарында нааразылык акция уюштурарын билдиришкен. Алардын айтымында, бул нааразылык акция аркылуу депутаттыкка талапкерлер тарабынан жер-жерлерде добуштарды сатып алуу боюнча мыйзам бузуулар орун алып жаткандыктан атуулдарды шайлоодо добуш берүүдөн баш тартууга чакырууну көздөшкөн.
XS
SM
MD
LG