БИШКЕК. Кыргызстандын аткаруу бийлиги Борбор Азия жана өз өлкөсүнүн аймагында өзөктүк куралдардын пайдаланышына, таркатууга жана иштеп чыгарууга жол бербейт. Бул тууралуу 10-февралда маалымат жыйында Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Талант Кушчубеков билдирди. Анын айтымына караганда, Борбордук Азияда өзөктүк куралдардан эркин аймакты түзүү боюнча келишимдин долбоорун талкуулаган жыйын 7-8-февралда Ташкенде өткөрүлдү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкө өкүлдөрү катышышты. Кушчубековдун айтымында, мындай келишим аталган өлкөлөрдүн мамлекет башчылары тарабынан кол коюлуп, парламенттери тарабынан ратификациялангандан кийин күчүнө кирет.