Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Украина президентинин айтымында, жикчилер катуу жазаланат


Украина президенти Виктор Ющенко кечээ күнү алгачкы жолу өлкөнүн чыгыш аймактарын кыдырып чыккандан кийин, жикчилик аракет көргөндөрдүн баарына каршы сот иштери ачыла турганын билдирди. Ющенконун айтымында, андай ой билдиргендердин акылы ордунда эмес. Андан тышкары Ющенко - президент Леонид Кучманын учурунда кеңири кулач жайган коррупция менен тымызын экономикага каршы мындан ары катуу чаралар көрүлөт деп билдирди.

XS
SM
MD
LG