Орусиянын аба күчтөрүнүн башчысы генерал Владимир Михайлов кечээ күнү кечинде билдиргенге караганда, Кыргызстандын Кант шаарындагы аскерий базадагы орус аскерлеринин саны эки эсеге көбөйтүлөт. Азыр базада беш жүзгө жакын адам кызмат өтөйт жана жыйырмага жакын учак жайгашкан.