Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

Орусияда 13 жоокер аскерден качты


МОСКВА. Орусиянын борбор шаарында жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн биринде кызмат өтөп жаткан он үч жоокер кечээ кечинде качып кетишкен. Ички иштер министрлигинин өкүлү Василий Панченковдун ИТАР-ТАССка берген маалыматына караганда аскерлер аларга көргөзүлгөн кордук-шылдыңга чыдабай, качып кетиши ыктымал. “Интерфакстын” кабары боюнча качып кеткендердин алтоо Москва шаардык прокуратурасына кайрылган. Алар өздөрүнүн мындай кадамын аскер бөлүктөрүндө уставка каршы келген окуялардын көп болуп жатканы менен түшүндүрүшкөн.

Соңку эларалык жаңылыктарды Прагадан Кубат ОТОРБАЕВ даярдады.

XS
SM
MD
LG